Ссылки доступа

Тажикстанда орозо маалында электр энергиясын чектөө азайтылат


«Барки Точик» энергохолдинги ыйык Рамазан айында айыл жерлеринде электр кубатына киргизилген чектөөлөр азайтыларын билдирди.

Маалыматка караганда, ооз ачуу жана ооз бекитүү маалында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Быйылкы жадыбалга ылайык, мусулмандар болжол менен таңкы саат төрттөн кечки саат жетиге чейин орозо кармашат.

Энергохолдингдин маалымат катчысы Нозиржон Ёдгоринин айтымында, адистер өлкөдө жарыкка киризилген чектөөнү толугу менен алуу маселесинин үстүндө да иштеп жатышат. Бул арада суу сактагычтарда суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз.

«Дал ушул себептен Душанбе-2 жылуулук электр борбору жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жылуу маалда да ишин улантат»» - деп белгиледи Ёдгори.

Тажикстанда кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы курч маселе бойдон калууда.

Видео

Видео

COVID-19: эмдөө эмне үчүн керек?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
XS
SM
MD
LG