Ссылки доступа

Эл аралык валюта кору Түркмөнстандын расмий статистикасын колдонуудан баш тартты


Эл аралык валюта фонду 2020-жылдагы “Дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн перспективалары” аттуу баяндамасы үчүн Түркмөнстандын расмий маалыматтарын колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады.

Эл аралык валюта кору баяндамада Түркмөнстандагы ички дүң өнүм 0,8 пайызды түзгөнүн белгилеген. Түркмөн өкмөтүнүн маалыматында бул көрсөткүч 5,9 пайыз деп көрсөтүлгөн.

Глазго университетинин профессору, Борбор Азия боюнча талдоочу Лука Анчески Эл аралык валюта корунун түркмөн экономикасы боюнча өз маалыматын берүүсүн “бурулуш” учур деп атады. Анын айтымында, Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүу банкы, Дүйнөлүк банк сыяктуу уюмдар өз отчетторунда түркмөн өкмөтү берген сандарды жарыялап келишкен. Бул болсо Түркмөнстандагы чыныгы абалды чагылдырчу эмес.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жана башка көз карандысыз басылмалар бир нече жылдан бери Түркмөнстанда экономикалык төмөндөө орун алып, ал азык-түлүк каатчылыгы, баалардын ырааттуу түрдө жогорулашы жана улуттук валютанын арзандашы менен коштолуп жатканын билдирип келишет.

Бул арада өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов дүйнөлүк экономикадагы олку-солку кырдаалга карабай, Түркмөнстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон экенин айткан.

Видео

Видео

COVID-19: эмдөө эмне үчүн керек?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
XS
SM
MD
LG