Ссылки доступа

Кыргызстандын мусулман кыз-келиндери муфтийди шайлоого катышууну каалашууда (видео)


Кыргызстандын мусулман аялдары муфтийди шайлоого катышууну каалашууда. Муфтий Мусулмандардын курултайында шайланат, ага аялдар киргизилбейт.

Мусульманки Кыргызстана добиваются участия в выборах муфтия
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Жакын арада Бишкекте Кыргызстан мусулмандар курултайы өтөт. Бул жолу да Уламалар кеңеши ага аялдарды киргизүүнү каалаган жок. Бирок активдүү мусулман кыз-келиндер 25 жылдан бери ага катышууга аракет жасап келе жатышат.

" Кыязы, алар аялдар келсе, көбүрөөк тартип болуп, акча кайда кеткенин сурашат деп коркушат го. Эмне үчүн калкка пайда алып келген кандайдыр бир керектүү долбоорлор ишке ашырылбайт?" – деди "Мутакаллим" аялдар бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы.

Мусулмандар дин башкармалыгын маалымат катчысы Максат Атабаев 25-февралда Уламалар кеңешине кат жөнөтүлгөнүн, анда ар бир облустан аялдар үчүн эки мандат бөлүү сунушталганын билдирди.

“Бирок Уламалар кеңеши биздин сунушубузду колдогон жок. Ошондон кийин муфтият аларды жок дегенде конок катары чакырууну чечти. Эмне үчүн аялдар курултайда чечим кабыл алууга катыша албай турганына Уламалар кеңеши жооп бериши керек”, – деди Максат Атабаев.

Уламалар кеңеши бул суроого жооп берүүдөн баш тартты. “Настоящее Времянын” кабарчылары кеңштин төрагасы менен да байланыша алган жок.

XS
SM
MD
LG