Ссылки доступа

Атамбаевдин саламаттыгын экспертиза аныктамай болду


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүлмөй болду. Мындай чечим бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынганын журналисттерге анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Адвокат судья экспертиза тууралуу чечимди өз демилгеси боюнча кабыл алганын, бирок жактоочулар жана айыпталуучулар көпчүлүгү каршы болгонун айтты:

“Себеби зарылчылык жок. №47 колониянын башкы дарыгери “ооруп жатат” деген кат жөнөтүүдө. Ошого судья ишениши керек”.

Атамбаев баштаган бир топ адамга Кой-Таш окуясы боюнча айып коюлган ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров карап жатат. Мурдагы президенттин тарапкерлеринин айтымында, экспертизаны Саламаттык сактоо министрлигинин адистери өткөрүшү керек болот, сот анын жыйынтыгы чыккандан кийин уланат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө өткөн. Бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Мурдагы президент Атамбаев алгач УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №47 абакка которулган. 2020-жылдын июнунда ал пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан. Жактоочулары Атамбаев кан басымы төмөн болгондуктан дарыланууга муктаж экенин билдиришкен жана аны камактан бошотууну бир нече жолу өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG