Ссылки доступа

Түрмөдө ачкачылык жарыялаган Кенжебек Абишев ооруканага жаткырылды


Казакстанда «Куралдуу жихадка чакыруу» иши боюнча соттолгон Кенжебек Абишев 15-апрелде приступ болуп ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бейшембиде анын адвокаты Гүлнара Жуаспаева билдирди.

Кенжебек Абишевдин адвокатынын айтымында, ушул тапта алар дарыгердин текшерүүсүн күтүүдө. Абишев жаткырылган Капшагай шаардык ооруканасында карантин болгондуктан ичкери эч кимди киргизбей жатышат.

Атайын прокурор анын мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу өтүнүчүнө каршылык билдиргенден кийин жума башында 53 жаштагы активист түрмөдө ачкачылык жарыялаган.

Түрмө башчысына арналган «Ачкачылык тууралуу маалымдама» жана президент Касым-Жомарт Токаевге жазылган «өлүм алдындагы жазуу» деп аталган катта Абишев жөнсүз соттолгонун, сот менен атайын прокурор мыйзамдарды бузуп жатканын, түрмөдө керектүү дары-дармектер менен камсыздалбаганын жазган.

«Жалынып-жалбаргыдай, ыйлагыдай, сурангандай жагдайда эмесмин. Ошондуктан мындан ары өмүр сүрүүнүн, тамак ичүүнүн кажети жок. Эч нерсе жегим да, дарылангым да келбейт. Өлтүргүңөр келеби? Өлтүргүлө! Өмүр сүрүүдөн чарчадым», деп жазылган катта.

Түрмөнүн администрациясы Абишевдин абалы тууралуу комментарий берген жок.

Казакстанда «куралдуу жихадга чакырды» деп айыпталган Кенжебек Абишев, Оралбек Омыров жана Алмат Жумагулов 2018-жылы 21-декабрда соттолгон.

Сот ошондой эле Жумагуловдун «улут аралык кастыкты козутканы» аныкталганын билдирген. Натыйжада ал жана Омыров сегиз жылга, Абишев жети жылга эркинен ажыратылган.

Соттолгон үч адам тең айыптарды четке кагып, өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG