Ссылки доступа

Пригородное айылындагы аялдардын насыя боюнча нааразылык акциясы аяктады (видео)


Чүй облусунун Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратында уюштурулган нааразылык акциясы аяктады.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары жеринен маалымдагандай, 15-апрелде он чакты аял айыл өкмөтүнүн жанына чогулуп, насыя маселесин чечип берүүнү өтүнүштү жана эгер талабы аткарылбаса өзүнө өрт коюуга чейин барарын билдиришти. Алардын айрымдары үстүнө бензин чачып, жанына от жандыруучу каражаттарды алып отурушту.

Аялдар пандемия учурунда жумушсуздук күчөгөнүн, ошонун айынан эл насыяларын төлөй албай кыйналып жатканын белгилеп, банктардын насыя боюнча пайызын төмөндөтүү же болбосо такыр жоюп салуу талабын коюшту.

Возле Бишкека женщины захватили здание сельуправы и угрожали самосожжением
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Акциянын катышуучуларынын бири, өзүн Минабар деп тааныштырган аял акцияга оор турмушка туш болгон аялдар чыкканын айтууда:

"Бирөөнүн 42 жаштагы уулу муунуп өлүп алган насыяны төлөй албай. Анын төрт-беш баласы калды. Андайлар Кыргызстанда толтура. Менин уулум да пандемиянын алдында "Спринтер" сатып алам деп насыя алган. Анан чек ара жабылып, жумуш токтоп калды. Спринтерди сатса акчасы аз болуп калды".

Аялдар менен вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков жолугушту. Ал аялдар мыйзам бузуп жатканын, себеби айыл өкмөтү мамлекеттик имарат болгондуктан алардын аракети басып алуу катары бааланарын белгиледи.

Соңку маалыматка караганда, бүгүнкү акцияда айтылган маселе 17-апрелде өкмөт башчысы менен чогуу талкууланмай болду.

Өлкөдө 22 коммерциялык банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 140тын тегерегинде.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылы 600 миңден ашуун кыргызстандык жалпысынан 30 миллион сомдон ашуун (355 миң доллар) суммага насыя алган. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасына жана жеке муктаждыктарга берилген.

Башкы банк 2020-жылдын март айына карата кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга насыя карызынын жалпы суммасы 152 миллиард сом экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG