Жумушчулардын айтымында, алар орто эсеп менен 110 миң теңге (250 доллар) маяна алышат.
«Биз айлык акыбызды кеминде 250 миң теңеге чейин көбөйтүүнү талап кылабыз. Арабызда 90 миң теңге алгандар да бар», — деди кенчилердин бири.
Интернетте жарыяланган видеодо жумушчулардын бири президент Касым-Жомарт Токаевге, энергетика министри Нурлан Ногаевге, Кызылордо облусунун акими Гульшара Абдикаликовага жолдонгон катты окуп берди:
«Азык-түлүктүн, базарда баалардын кымбаттоосу катуу таасир берүүдө. 2017-жылдан бери айлык акы көтөрүлө элек. Өткөн жылдын 24-ноябрында мекеме башчысына маянаны жогорулатуу боюнча кат жөнөткөнбүз. Бир нече жолу жыйналыш болду. Жыйынтык жок».
«Куатамлонмунай» компаниясын Кытай жарандары башкарат. «Азаттыктын» казак кызматы компания жетекчилиги менен байланыша алган жок.
«Куатамлонмунай» Кызылордодон 160 чакырым аралыкта орун алган. Компания мунай-газ чагылгындоо, өндүрүү, сатуу иштерин жүргүзөт.