Ссылки доступа

Бейшеналиев: Уу коргошунду 300 бейтапка бердик


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде журналисттерге талкууга түшкөн уу коргошун тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлдү.

"Кыргызстандын бардык жеринде ыктыярдуу түрдө колдонулуп жатат. Бирөө ичкенден кийин эртеси издеп жатат. Алардын баарынын абалы жакшырган. Садыр Жапаров уу коргошун тууралуу мурдагы президент Жээнбековго кайрылып, ал укпай койгондо мага "сен дарылап көр" деп айткан. Мен туугандарымды дарылагам".

Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошундун тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин айтты. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын белгиледи. Дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалады.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Көп өтпөй анын социалдык тармактагы расмий баракчаларына бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыялаган. Анын сыртында "Уу коргошун" деген жазуу бар.

Кыргызстанда уу коргошунду рак жана башка ооруларды дарылоодо табыптар колдонуп келген. Бирок ага медицинада тыюу салынган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстандын бийлиги айткан ыкма тууралуу комментарий бере элек. Социалдык тармактардын колдонуучулары өлкөдө уу коргошун ичип каза болгондор бар экенин жазып жатышат.

XS
SM
MD
LG