Ссылки доступа

ИИМ: Милиция кызматкерлери митинг учурунда чагым кылган жок


Ички иштер министрлиги (ИИМ) 15-апрель күнү министрликтин алдында өткөн митингде милиционерлер чагым кылган жок деп ырастайт. Басма сөз кызматы тараткан маалыматта каршы тараптын митингин милиция кызматкерлери уюштурган деген сөздөр чындыкка дал келбей турганы жазылган.

Басма сөз кызматы «антимитингге ар бир милиционер бештен адам алып келсин» деген тапшырма тууралуу Интернетте тараган тасмада айтылгандарды да жокко чыгарууда.

«Бул калп жана чындыкка дал келбейт. Анда айтылгандардын баары ушак жана ойдон чыгарылган. Тасмадагы милиция кызматкерлери түшкү тыныгуу учурунда өз каалоосу менен келип, митингчилердин ортосунда чатак чыгып кетпеши үчүн кырдаалга көз салып турушкан" деп жазылган маалыматта.

15-апрелде министрликтин алдында жарандык активисттердин министрдин иштен кетишин талап кылган экинчи акциясы өтмөк. Кыз-келиндер чогулган бул акцияга каршы дээрлик эркектерден куралган топ да антимитинг уюштуруп, кыз-келиндерди акция болуп жаткан жерден сүрүп чыгарышкан. Каршы болгондор кыз-келиндердин дарегине ар кандай коркуткан, опузалаган сөздөрдү айтышкан.

Ондогон милиция кызматкеринин көзүнчө орун алган окуядан кийин коомчулукта Ички иштер министрлигинин дарегине сын күч алды.

XS
SM
MD
LG