Ссылки доступа

Тургундардын нааразылыгынан кийин казак-орус чек арасына орнотулган тосмолор алынды (видео)


У села в Казахстане отбирают землю и отдают России. Местные жители возмущены
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00

Казакстандын Атырау облусундагы чек арага жакын жайгашкан Көптогай айылынын тургундары калктуу конуштун айланасындагы аймактар мыйзамсыз түрдө Орусияга өтүп кетип жатканын билдирип чыгышты.

Соцтармактарга жарыяланган видеолордо тургундар үйлөрүнүн алдына казак чек арачылары зым тартып, тосмолорду орнотуп жатканына нааразылык билдиришкенин көрүүгө болот. Алар буга чейин мал сугарып жүргөн өзөндөгү сууга бара албай калышканын айтышкан.

Казакстандын чек ара маселелери менен алектенген Улуттук коопсуздук комитети Көптогай айылынын жанындагы чек ара сызыгы мыйзамдуу эле жылдырылып жатканын билдирди. Мекеме өкүлүнүн айтымында, Казакстан 2000-жылдары Орусияга таандык узундугу бир жарым чакырым, туурасы 70 метр болгон жерди жаңылыштык менен өзүнө алып алган. Азыр эми ошол жерди кайра кайтарып берүүдө.

Бул жоопко канааттанбаган жергиликтүү тургундар митинг өткөрүп, берилип жаткан жер Казакстанга тиешелүү экенин билдиришкен. Окуя тууралуу өлкөнүн башка аймактарынын жашоочуларына да белгилүү болгондон кийин бийлик шашылыш түрдө тартылган зымдарды, тосмолорду кайра алды.

«Күн мурун жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан өзөндүн боюндагы чек ара белгилери алынды. Жашоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Азыр мал сугаруу жана талааларды сугаруу үчүн өзөнгө барууга жол ачылды. Эч кандай тоскоолдук жок», — деди Көптогай айылы жайгашкан Курмангазы районунун акими Марат Мурзиев.

Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү жаңы чек ара белгилери 2005-жылы кол коюлган казак-орус мамлекеттик чек арасы тууралуу келишимге ылайык орнотулганын, эртеби-кечпи ал ишке ашырыларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG