Ссылки доступа

Тажикстанда өспүрүмдүн өлүмүнө айыпталгандардын бири алты жылга соттолду


Азизбек Ражабов
Азизбек Ражабов

Тажикстанда 18 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча айыпталган Согд облусунун 16 жаштагы тургуну алты жылга эркинен ажыратылды.

Айни районунун Ревади Поён айылынын жашоочусу Азизбек Ражабов 2020-жылы 31-июлда катуу сабалып, ооруканада көз жумган. Анын өлүмүнө коңшу айылда жашаган төрт өспүрүм айыпталган.

«Алардын бири Максуд Ниязов «Бейбаштык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал «Адам өлтүрүү» беренеси менен соттолушу керек болчу. Адам өлтүрүү үчүн алты жыл өтө аз мөөнөт», — деди маркумдун агасы Хуршед Ражабов.

Ал ортодо райондук соттун өкүмүнө айыпталуучу Максуд Ниязовдун жакындары да нааразы экенин билдирүүдө. «Азыр адвокаттар менен чогу тиешелүү документтерди топтоп, сот өкүмү боюнча кассациялык арыз жазууга даярданып жатабыз», — деди соттолуучунун атасы Каром Ниязов.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча айыпталып жаткан дагы эки өспүрүмгө карата «Бейбаштык», бирөөнө «Атайылап адам саламаттыгына оор зыян келтирүү» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Алар 5 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG