Ссылки доступа

Навальный абактын ооруканасына которулду


Алексей Навальный

31-марттан бери Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында ачкачылык кармап жаткан орусиялык оппозициячы Алексей Навальный башка колониянын аймагындагы ооруканага которулду. Бул тууралуу жазаларды аткаруу боюнча Федералдык кызматтын Владимир облустук башкармалыгы кабарлады.

Мекеме Навальныйдын саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип, ага өзүнүн макулдугу менен витамин сайылганын кабарлады.

Буга чейин абактагы дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы оорлоп, анын жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар экенин айтып чыгышкан.

Адвокат Навального: "У него был двухчасовой обыск"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Мунун алдында Навальныйды текшерип, дарылаган медиктер анын канына жасалган анализдин жыйынтыгын жарыялашкан. Анда саясатчынын саламаттыгы кооптуу чекке жакын, оор абалда экени көрсөтүлгөн.

Навальный февраль айынын башынан бери Покров шаарында абакта отурган. Сот аны сегиз жыл мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 3,5 жылга эркинен ажыраткан.

Навальныйды коргоо штабы өткөн жекшембиде 21-апрелден тартып анын боштондугун талап кылган каршылык акциялары башталарын жарыя кылган.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG