Ссылки доступа

Душанбе менен Москва миграция тармагындагы маселелерди талкуулады


Душанбеде миграция тармагындагы маселелер талкууланган тажик-орус сүйлөшүүлөрү өттү.

Тажикстандын эмгек жана миграция министри шахноза Нодири менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко баштаган делегациялардын курамында тиешелүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү болду.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушууда «тез аранын ичинде чечилиши керек болгон маселелер каралды».

«Мындан тышкары тараптардын кароосундагы документтердин долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Бул сүйлөшүүлөр Москва Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетиши керектигин билдиргенден кийин өттү.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагында Өзбекстандын 332 миң, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG