Ссылки доступа

Казакстанда «Бургылау» компаниясына жалданып иштеген мунайчылар иш таштады


Казакстандын Жаңыөзөн шаарындагы «Бургылау» мунай-сервис компаниясы жалдап иштеткен «Фиркрофт» ишканасынын 95 жумушчусу иш таштады. Алар маяналарын «Бургылаунун» штаттагы кызматкерлеринин айлыктары менен теңеп берүүнү талап кылышууда.

Буга чейин жумушчулар өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен Мангистау облусунун акими Серикбай Трумовго видеокайрылуу жасап, мунай-сервис компаниясы аларга мыйзамда каралгандан аз айлык төлөп жатканын айтып, маселени 19-апрелге чейин чечип берүүнү талап кылышкан.

Токаев былтыр кол коюп, быйыл январда күчүнө кирген Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөргө ылайык, ауторсинг компанияларынын кызматкерлери аларды жалдаган ишкананын кызматкерлериндей өлчөмдө айлык алышы керек.

Vlast.kz сайтынын маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү жумушчулар менен эмгек инспекциясынын өкүлү, Жаңыөзөн акиминин орун басары жана анын кеңешчиси сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бирок жолугушуулар жыйынтыксыз аяктаган.

Жумушчулардын февралдан бери Жаңыөзөндүн акими менен болгон жолугушуулары да күтүлгөн жыйынтык берген эмес.

Акыркы айларда Казакстанда маяналарды жогорулатууну жана эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган түрдүү ишканалардын кызматкерлеринин иш таштоосу көп катталууда. Өткөн жумада Кызылордо облусундагы «Куатамлонмунай» компаниясынын 300дөн ашык жумушчусу айлыктарды жогорулатууну талап кылып чыккан.

Январдын аягында Актөбө облусундагы «КМК Мунай» жана «АМК Мунай» компанияларынын жумушчулары айлыктарды жогорулатуу талабы менен иш таштап, талаптары аткарылгандан кийин кайра жумушка чыгышкан.

XS
SM
MD
LG