ИИМдин билдирүүсүндө метродо видео жана сүрөт тартууга тыюу жок экени, бирок бул ишти коомдук тартипти бузбай жасоо керектиги белгиленген.
«Коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузуп, карантиндик режим маалында беткапсыз жүрүүгө болбойт», — деп жазылган билдирүүдө.
Тиктокчуларга карата «Майда бейбаштык», «Эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» жана «Метрополитенди колдонуу эрежелерин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ар бири 980 миң сум (93 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.