Ссылки доступа

Оор абалда бейтапканага түшкөн үч кишинин уу коргошундан ууланганы божомолдонууда


Министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелдеги брифингде уу коргошун Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.

Бишкекте оор абалда ооруканага түшкөн үч киши уу коргошундан ууланган болушу мүмкүн деп божомолдонуп жатат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, 20-апрелде Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 61 жана 56 жаштагы жубайлар оор абалда барган. Аларга болжолдуу түрдө аконит же уу коргошундан ууланган деген диагноз коюлган. Алар уу коргошунду көп убакыт бою колдонуп келе жатышканын, өсмө оорусунан улам ууланардын алдында аны көбүрөөк ичип алышканын айтып беришкен.

Министрликтин маалыматына караганда, ушул эле күнү Улуттук кардиология жана терапия борборуна өтө оор абалда 63 жаштагы жаран түшүп, ага да белгисиз заттан ууланган деген диагноз коюлган. Андан анализ алынып, абалы эмнеден начарлаганы иликтенүүдө. Азыр үч бейтаптын тең абалы турукташты.

15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан «бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары» таап алышканын «Фейсбукка» жарыялаган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө «уу коргошун» деп жазылган эле.

16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген.

Глава Минздрава и президент Кыргызстана советуют лечить коронавирус отваром ядовитого растения
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган. Жогорку Кеңештин тармактык комитети «кыргыз медицинасын кадыр-баркына шек келтирди» деген жүйө менен өкмөткө министрди кызматтан алууну сунуштаган.

«Фейсбук» компаниясы президент Жапаровдун постун өчүрүп салган. Президенттин басма сөз кызматы постту өчүрүүгө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирген.

Видео

Видео

COVID-19: эмдөө эмне үчүн керек?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
XS
SM
MD
LG