Ссылки доступа

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында 72 күндөн бери митингдер өтүүдө


Бээжиндин мусулмандарга каршы саясатын айыптаган митингдин катышуучулары Шинжаңда калган туугандарын бошотууну талап кылып жатышат. Кытай консулдугунун алдындагы бул саясий акция 11 жума мурда башталган.

Шейшемби күнү нааразылык акцияга онго жакын аял чыкты. Бирок бул жолу да Казакстандын полициясы аларга Кытай консулдугунун дарбазасына жакындаганга мүмкүнчүлүк берген жок. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Консулдуктан алыс өткөн митингде анын катышуучулары «Күнөөсүз камалган туугандарды бошоткула», «Кытай кыргынды токтот» жана «Эркиндик» деген жазуулар бар плакаттарды кармап, ураан чакырып турушту.

Саясий акциянын катышуучуларына бийликтен же консулдуктан келип, кабар алгандар болгон жок.

XS
SM
MD
LG