Ссылки доступа

Өзбекстанда курулуш компаниясынын жумушчулары эмгек шарттарына даттанууда


Өзбекстанда өлкөнүн курулуш министри Батыр Закировдун жакындарына таандык «Трест-12» аттуу курулуш компаниясынын жумушчулары эмгек укуктары бузулуп жатканына даттанууда.

Алар дем алышсыз, күнүнө 12 сааттан иштөөгө аргасыз болуп жатышканын, бул Эмгек кодексине каршы келерин айтып жатышат.

«Уюм менен түзүлгөн эмгек келишиминде жумушчулар жумасына беш күн, күнүнө сегиз саттан иштей турганы жана айлык акы да ушул графиктин негизинде эсептелери жазылган. Бирок биз немистердин концлагериндегидей дем алышсыз, 12 саттан иштеп жатабыз. Бул үчүн бизге кошумча акы төлөнбөйт. Дооматтарыбызды айтсак «иштегиңер келбесе кете бергиле, башкаларды жумушка алабыз» деп жооп беришет. Биз кетип кала албайбыз, анткени башка жерде жумуш жок, чек аралар жабык», — деди жумушчулардын бири.

Анын айтымында, сегиз сааттык иш графиги сакталбагандыктан, өткөн жумада 43 жаштагы Рахматилла Жалилов аттуу жумушчу лифттин шахтасына кулап, ооруканада өзүнө келбей көз жумган.

Жумушчунун өлүмү тууралуу маалыматты бригада башчыларынын бири ырастады.

Жумушчулардын нааразылыгы боюнча «Трест-12» компаниясынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Апрелдин ортосунда жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын курулуш министри Батыр Заировдун жакын туугандарына таандык «Трест-12» компаниясы тендерге катышпастан эле ири курулуш объектилерин куруу укугуна ээ болгонун жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG