Ссылки доступа

Өзбекстанда президентке акарат келтирген кишиге кылмыш иши козголду


Өзбекстандын Жизак облусунун 52 жаштагы тургуну өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге акарат келтирген деп шектелүүдө.

Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, ал Youtube сервиси менен Facebook социалдык түйүнүндө «В. K.» деген кыскартылган аталыш менен баракчаларды ачып, видеотасмаларды жүктөп, түз эфирлерге чыгып жүргөн.

«Өз сөздөрүндө ал президенттин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан коомдук реформаларды туура эмес түшүндүрүп, мамлекет башчысына акарат келтирип, анын кадыр-баркына доо кетирген маалыматтарды таратып келген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Улуттук коопсуздук кызматынын Жизак облустук башкармалыгы шектүүгө карата «Өзбекстан президентине акарат келтирүү же ушактоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Марттын аягында Өзбекстандын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, телекоммуникациялык түйүндөр же Интернет аркылуу өлкө президентине акарат келтиргендер жана жалган жалаа жапкандар 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына кесүү, 2ден 5 жылга чейин эркиндигин чектөө же 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары менен жазаланат.

XS
SM
MD
LG