Ссылки доступа

Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери 12 миллион сумдан сыйакы алышат


Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери 12 миллион сумдан (1150 доллар) бир жолку акчалай сыйакы алышат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 20-апрелде кол койду.

Анда мындай чечим «жеңиштин 76 жылдыгына карата согуштун ардагерлерин куттуктоо жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү» максатында кабыл алынганы жазылган.

Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга 9-майда карантин эрежелерин сактоо менен Ата Мекенди коргоочуларга арналган атайын жолугушууларды, маданий-агартуу кечелерди өткөрүү тапшырмасы берилди.

Жарлыкты ишке ашырууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG