Ссылки доступа

Кумарканага жол ачкан мыйзам долбоору биринчи окууда өттү


Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоору талаш-тартыш менен биринчи окууда кабыл алынды.

Долбоорду 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди. Бирок үч-төрт депутат адашып «ооба» деп добуш берип алганын айтышты. Депутат Төрөбай Зулпукаров кесиптештерин бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Ал аталган мыйзам долбоорун мусулмандардын ыйык орозо айында кароо - диний ишенимди басмырлоо болорун белгилеп, кайрадан добуш берүүгө чакырды.

Мурдагы спикер, депутат Дастанбек Жумабеков Зулпукаровдун сунушуна каршы чыгып, Жогорку Кеңештин регламентин бузбоону суранды.

Бир катар депутаттардын талаш-тартышына карабай, мыйзам долбоорун кайра добушка коюу сунушу колдоо тапкан жок. Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын билдирди. Эми экичи жана үчүнчү окууга чыгарылат.

Депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган долбоорду парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде карап, жактырган.

Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу айтылып келет.

XS
SM
MD
LG