Ссылки доступа

Хельсинки комиссиясы: Жаңы Конституция Кыргызстанды авторитардык башкарууга алып келиши мүмкүн


АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясынын төрагасы, сенатор Бен Кардин жана сенаторлор комиссиясынын жетекчилери Рожер Уикер менен Жо Уилсон Кыргызстандын жаңы Конституциясы боюнча билдирүү жасашты.

«Жаңы Конституция көптөгөн жылдардан бери Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө деп эсептелип келген Кыргызстанды бийлик жалгыз президенттин колуна топтолгон, парламенттин ролу төмөндөтүлгөн авторитардык башкарууга алып келе турганына тынчсызданып жатабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

Анда «моралдык жана этикалык баалуулуктарга, ошондой эле Кыргызстан элинин коомдук аң-сезимине артыкчылык берген так эмес жоболор» адам укуктарын, сөз эркиндигин чектөө үчүн колдонулушу мүмкүн экени белгиленген.

Комиссия Кыргызстандын өкмөтүн көз карандысыз ЖМКлардын жана жарандык коомдун укуктарынын сакталышын камсыз кылууга чакырды.

Буга чейин Венеция комиссиясы менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандын Конституциясынын жаны долбоору тууралуу корутундусун эске алуу зарылдыгын белгилеген. Ал корутундуда сунушталган Баш мыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолору, тең салмактуулук бузулары айтылган.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөн. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө катышкан 37,4% шайлоочунун 79% Конституциянын жаңы долбоорун колдошту. Айрым эксперттер жарандар өздөрү түшүнбөй эле добуш берип коюшканын айтса, башкалары жетиштүү маалымат берилгенин, кыргызстандыктар өз тандоосун жасаганын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG