Ссылки доступа

10 жылдан бери чет өлкөдө жашап жүргөн өзбекстандык ишкер мекенине кайтып келди


Батыр Рахимов менен Диёра Усманова. Instagram.
Батыр Рахимов менен Диёра Усманова. Instagram.

«Пахтакор» футболдук клубунун жана Ташкент шаарындагы «Өзбекстан» мейманканасынын мурдагы ээси Батыр Рахимов өткөн жумада баш калаада аткаминерлердин биринин тоюна барганы белгилүү болду.

Той ээси Рахимов азыр үй-бүлөсү менен Ташкентте жашап жатканын билдирди.

Өзбек өкмөтүндөгү өз булактардын айтымында, Ислам Каримовдун тушунда активдери камакка алынган Рахимовдун көмүндүү бизнеси үчүн Өзбекстанда бардык эшиктер ачылып, ага президенттик шайлоодо «өзгөчө саясий роль» берилген болушу ыктымал. Ал жакында өлкөдөгү биринчи үй-бүлөнүн өтүнүчү менен оппозициялык «Эрк» саясий партиясынын лидери Мухаммад Салихке жолугуп, ага компромисс сунуштаганы кабарланууда.

2010-жылы бир нече убакыт камакта жатып чыккан 55 жаштагы Рахимов акыркы 10 жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында жана Түркияда жашап жүргөн.

2000-жылдардын башында ал Жизак облусундагы вольфрам кенине ээлик кылып, алюминий бизнесинен улам КМШ өлкөлөрүндө «Батыр алюминий» деген ысым менен таанылган.

2016-жылы Рахимов өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироатхон Мирзиёеванын жээни Диёра Усмановага үйлөнгөн.

XS
SM
MD
LG