Ссылки доступа

Казакстанда «Нур Отан» партиясынын төш белгисин тагынбай жүргөн аткаминер сөгүш алды


Ерлан Киясов
Ерлан Киясов

Казакстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары Ерлан Киясов «Нур Отан» партиясынын төш белгисин тагынбай жүргөнү үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу партиянын Көзөмөл комитетинин төрагасы Артур Платонов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Билдирүүсүндө ал партиянын төрагасы Нурсултан Назарбаевдин 2019-жылы «партиядагы тартипти сактоо» жана «партиянын атайын белгилерин сыйлоо» жөнүндө айткан сөздөрүн эске салды.

«Силерди кызматка алып келген партияны унутуп же кызматтагы кылган ишиңер үчүн уялып жатсаңар, партия ишеним көрсөтпөй коюшу мүмкүн. Бул өзгөчө партиянын тартиптерин сактоого жана партиянын программасындагы маселелерди ишке ашырууга даяр эмес адамдарга тиешелүү», — деп жазды ал.

Платоновдун айтымында, Рахимовдон тышкары партиянын төш белгисин тагынбай жүргөнү үчүн Кызылордо жана Чыгыш Казакстан облустарынын башчыларынын орун басарларына, ошондой эле Алматы жана Жезказган шаарларынын акимдеринин орун басарларына эскертүү берилди.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Ерлан Киясов ошол эле күнү кечинде басма сөз жыйынына партиянын төш белгисин тагып келген.

Апта башында казакстандык активист Жанболат Мамай Алматы шаарынын мурдагы мэри жана «Нур Отан» партиясынын төрага орун басары Бауржан Байбектин байлыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. «Ал силерге Бауке эмес» деп аталган иликтөөдө Байбек Алматы шаарын башкарып турган төрт жылдын ичинде коррупциялык схемалар аркылуу миллиард доллардан ашык каражатка жана элиталык батирлерге ээ болгону, мындан тышкары бир нече бизнес-борборго жана курулуш компанияларына ээлик кылуу менен чоң бизнес-империясын түптөгөнү айтылган.

XS
SM
MD
LG