Ссылки доступа

Түркмөн бийлигин сындап жүргөн активист Түркияда басымга кабылганын билдирди


Стамбулда жашаган түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова президент Гурбангулы Бердымухамедовду сындаганы үчүн ага Түркиянын Миграция кызматы басым кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу «Мемориал» укук коргоо уюму кабарлады.

Таганованын айтымында, 15-апрелде аны Миграция кызматына чакырып, жашаган жери, туугандары, качкын макамын сурагандыгы жана эмнеге түркмөн бийлигин сындап жатканы тууралуу суроолорду беришкен.

«Мага интернеттеги билдирүүлөрүмдү токтотушум керектигин эскертишти. Алардын түркмөн бийлигин сындаган блогерлердин билдирүүлөрүн, жазышууларын текшерип турушарын түшүндүм», — деди Таганова.

Ал түрк бийлиги бир нече күн мурда Түркмөнстандагы азык-түлүк каатчылыгы, акча алмаштыруудагы кыйынчылыктар жана социалдык көйгөйлөр тууралуу TikTok түйүнүндөгү видеосун бөгөттөгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Таганова Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун жанында өтө турган митингдин алдында карантиндик чектөөлөрдү бузуу айыбы менен кармалган.

Түрк бийлиги алгач Таганованы мекенине депортациялоону пландап, бирок 11 укук коргоо уюмунун чакырыгынан кийин бошоткон. Бул окуядан кийин Түркмөнстанда активистке каршы «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган.

«Мемориал» уюмунун укук коргоочулары Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Түркмөнстанга пландалган сапарынын алдында түрк бийлиги Ашхабаддын аракеттерин сындаган түркмөн блогерлерине басым жасап жатканы тууралуу кайрылуулар көбөйгөнүн белгилөөдө.

Видео

Видео

Төрт түлүккө бай, ар улуттуу айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:27:41 0:00
XS
SM
MD
LG