Маалыматка караганда, 2020-жылы июнда аталган райондун Окдарбанд айылынын тургундары аялдардын биринин үй-бүлөсүн бузуп жатат деген жүйө менен 20 жаштагы кызды сабап салышкан.
Аларга карата «Топ адам тарабынан жасалган бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Сот жабыркаган кыздын аялдарга карата эч кандай дооматы жок экенин эске алып, үч аялды 1 жыл 6 айга, төртүнчүсүн 1 жылга эркинен ажыратты.