Ссылки доступа

Прокурор Жанболат Агадилдин өлүмүнө айыпталгандарды 4 жылдан 18 жылга чейин соттоону өтүндү


Жанболат Агадил

Нур-Султан шаарынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотунда маркум активист Дулат Агадилдин 17 жаштагы уулу Жанболат Агадилдин өлүмү боюнча сот аяктады.

Бул иш боюнча алты киши айыпталып, аларга карата «Бейбаштык», «Кылмышты жашыруу» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

– Мен укуктарын коргоп жаткан Омиржан Рахмет «Адам өлтүрүү» беренеси менен айыталууда. Прокурор аны 18 жылга, «Кылмышты жашыруу» беренеси боюнча айыпталгандарды төрт жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну өтүндү. Рахмет тагылган айыптарды четке кагып жатат, – деди адвокат Жандос Туяков.

Ал бул иш боюнча өкүм бүгүн кечке чейин чыгат деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Жанболат Агадил былтыр 11-ноябрга караган түнү Нур-Султандын Көктал кичи районунда өлтүрүлгөн. Полиция ал топ балдардын мушташына катышып, ошол жерден бычак жегенин билдирген. 19-февралдагы сот отурумунда адвокаттар тергөө одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришкен.

Маркумдун атасы, казакстандык активист Дулат Агадил 2020-жылы февралда кармалып, бир күндөн кийин тергөө абагында көз жумган. Полиция активисттин жүрөгү кармаганын кабарлаган. Казакстандагы бир катар оппозициячыл саясатчылар менен активисттер Агадил өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санап, бул иш боюнча ачык жана адилеттүү тергөө жүргүзүүнү талап кылышкан. Укук коргоочулар активисттин өлүмүн «саясий өлүм» деп аташкан.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG