Ссылки доступа

«ОВД-Инфо»: Навальныйды колдоо акцияларында 1770 киши кармалды


21-апрелде Орусияда Алексей Навальныйды колдогон акциялар учурунда 96 шаарда 1770 киши кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" маалымдады.

Санкт-Петербургда 808, Уфада 119, Казанда 66, Барнаулда 58, Сочиде 53, Воронежде 53, Кемероводо 36, Москвада 29 киши кармалган.

"ОВД-Инфо" күч түзүм кызматкерлери Санкт-Петербургда жапырт түрдө электрошокерлерди колдонгонун белгилөөдө.

Петербургда кеминде 84 киши түнчүндө полиция бөлүмүндө калды. Алардын айрымдарына адвокаттар киргизилбей, кээ бирлеринин телефонун алып коюшканы кабарланууда.

Петербургдагы № 26 полиция бөлүмүндө аялдардын кыйкырыгы угулууда. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча бир аялдын эки жашар баласы бар, аны үч сааттан ашык кармоого болбойт.

"ОВД-Инфо" Орусиянын башка шаарларында да полиция демонстранттарга күч колдонгонун, бери дегенде эле 21 киши сабалганын жазды.

Владимир облусунун Покров шаарындагы №2 түзөтүү абагында отурган Алексей Навальный 31-марттан бери ачкачылык жарыялаган. Аны караган дарыгерлер Навальныйдын саламаттыгы начарлап кеткенин, тез арада кийлигишүү болбосо анын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG