Ссылки доступа

Тажик бийлиги жарандардан ооз ачырууга меймандарды чакырбоону талап кылууда


Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин башчысы Сулаймон Давлатзода Рамазан айында ооз ачырууга (ифтар) каршы пикирин билдирди.

Ал жарандардан ифтарды үй-бүлөсү менен гана өткөрүүнү талап кылууда. Ошол эле маалда аткаминер өлкөдө ооз ачырууга меймандарды чакырууга тыюу салган мыйзам жок экенин мойнуна алууда.

Юрист Шокиржон Хакимов бул тууралуу жогорку кызматтагы аткаминер айтып жаткандыктан, мыйзамга мындай чектөөлөр киргизилиши мүмкүн деп эсептейт. Ал бул маселеде коомдун пикири эске алынбайт деген божомолун айтып, 2007-жылы кабыл алынган «Улуттук каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу тууралуу» мыйзамды мисал келтирди.

Жаңы чектөөлөр дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына да байланыштуу болушу мүмкүн. Быйыл январда тажик президенти Эмомали Рахмон өлкө эпидемияны жеңгенин жарыялаган. «Бирок бул өзүбүздүн жана айланадагылардын саламаттыгына шалакы мамиле кылышыбыз керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, буга чейинкидей жеке жана коомдук гигиенаны сактап, бири-бирибизге кам көрүшүбүз керек», — деген Рахмон.

XS
SM
MD
LG