Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө жумуш берүүчү компания кенчилерден иш таштоону токтотууну талап кылды


Жаңы-Өзөн шаарында айлык маянанын жогорулатууну талап кылган «MADIBA» компаниясынын жумушчулары иш таштоонун мыйзамсыз экени тууралуу кат алышканын билдиришти.

«MADIBA» компаниясынын башчысы кол койгон катта Эмгек кодексинин «Иш таштоо укугу» жана «Иш таштоону баштоо тууралуу алдын ала жарыялоо» беренелерине шилтеме берилип, жумушчулардын аракети «мыйзамсыз» экени жазылган.

«Жумушту токтотуу тууралуу аракеттериңиз Эмгек кодексинин талаптарына шайкеш келбейт. Ошол себептен биз сиздерге бүгүнтөн тартып жумушту калыбына кетирүүнү сунуш кылабыз» деп жазылган катта.

Компания жетекчилиги жумушчулардын талабы боюнча «МунайФилдСервис» жана «КазМунайГаз» компаниялары менен сүйлөшүү башталганын да кабарлады.

Жаңы-Өзөндөгү мунай бургулоочу «МунайФилдСервис» компаниясын тейлеген «MADIBA» ишканасынын жумушчулары аларды штатка алууну жана маянаны жогорулатууну талап кылып, үч күн мурун иш ташташкан.

Алар азыркы учурда 80-90 миң теңге эмгек акы аларын билдиришүүдө. Иш таштаган мунайчылар «МунайФилдСервис» компаниясынан 180-200 миң теңге маяна төлөөнү талап кылышууда.

Жаңы-Өзөн шаарынын акими Максат Ибарагаров «Азаттыктын» казак кызматына эмгек инспекциясы аталган компанияны текшерип жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG