Ссылки доступа

Жер ортолук деңизде 130 мигрант бараткан кайык чөгүп кетти


SOS Méditerranée гуманитардык уюму Жер ортолук деңиздин Ливиянын жээгиндеги бөлүгүндө 130 мигрант бара жаткан кайык чөгүп кеткенин билдирди.

Маалыматка караганда, уюм тарабынан жалданган Ocean Viking кемеси кырсык болгон жерде издөө иштерин баштап, 10 кишинин сөөгүн тапты.

«Кеме чөккөн жерден кеминде он адамдын сөөгүн көрдүк. Азырынча тирүү калган бир да кишини тапкан жокпуз», — деди издөө-куткаруу операциясынын координатору Луиза Альберт.

SOS Méditerranée уюму кабарлагандай, Ocean Viking кемеси акыркы эки күндүн ичинде Ливиянын жээгинде кырсыкка кабылган кайыктардын жүргүнчүлөрүн издөө боюнча бир нече операцияга катышты. 21-апрелде чөгүп кеткен жыгач кайыктын кеминде 40 жүргүнчүсүнүн тагдыры белгисиз бойдон калууда. Өткөн жумада Тунистин жээгинде мигранттар бараткан кайык чөгүп, кеминде 41 киши өлгөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, акыркы каза болгондорду эске албаганда жыл башынан бери Жер ортолук деңизде мерт болгон мигранттардын саны 350дөн ашты.

Африка өлкөлөрүнөн Европага келүүнү каалаган мигранттардын басымдуу бөлүгү алгач Ливияга топтолуп, Жер ортолук деңизи аркылуу кайыктар менен өтүшөт.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG