Ссылки доступа

Алматы акимчилиги Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг өткөрүүгө уруксат берген жок


Алматы акимчилиги Демократиялык партия түзүү боюнча демилгечи топтун лидери Жанболат Мамайдын 24-апрелде митинг өткөрүүсүнө уруксат берген жок. Мекеме мындай чечимин шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганы менен түшүндүрдү.

Жанболат Мамай баары бир тынчтык митингине чыгып, Жер кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы пикирин айтууга ниеттенип жатканын билдирди.

«Бизде тынч жыйындарды өткөрүү тууралуу мыйзам бар. Ага ылайык, жергиликтүү аткаруу органынан митинг өткөрүү тууралуу кабар берүү гана жетиштүү. Биз 19-апрелде алдын ала кабар бергенбиз, ошондуктан кандайдыр бир кошумча түшүндүрмөлөрдү кабыл албайбыз. Сенатта чет өлкөлүк компанияларга казак жерлерин 25 жылга ижарага берүүгө жол ача турган мыйзам долбоору каралууда. Бул өтө кооптуу норма, ал көз карандысыздыгыбызга коркунуч жаратат», — деди Мамай.

Ал эпидемиологиялык абалга байланыштуу тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынса, парламент улуттук коопсуздук маселелерине тиешелүү болгон мыйзам чыгаруу актыларын өзгөртүү тууралуу долбоорлорду кароону токтотушу керек деп эсептейт.

Алматы коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча «кызыл зонага» март айында кирген. Акыркы суткада шаарда 698 кишиге коронавирус жукканы аныкталды.

Калаа «кызыл зонада» экенине карабастан, бийлик 27-мартта Мамайга «кытай экспансиясына каршы» митинг өткөрүүгө уруксат берген.

XS
SM
MD
LG