Ссылки доступа

Казакстанда чет өлкөлүктөргө ижарага жер берүүгө каршы акция өттү (видео)


Ишемби күнү Алматы шаарында чет өлкөлүктөргө жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциясы өттү. Өлкөдө каттоодон өтпөгөн «Демократиялык партия» тарабынан уюштурулган митингге 500гө жакын киши катышты.

«Азаттыктын» казак кызматы кабарлагандай, калаа бийлиги уруксат бербеген акцияда өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге каршы ураандар айтылды. Митингчилер Жер кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү кароону токтотууну талап кылышты.

Митинг өткөн аянтта уюлдук байланыш өчүрүлүп, жүрүш баштоого аракет кылган катышуучулардын жолун полиция кызматкерлери тороп, өткөрбөй турушту. Чогулгандар акцияны май айында улантууну убадалап, талаптары аткарылбаса жапырт түрдө ачкачылык жарыялай тургандыктарын билдиришти.

Казакстанда жерлердин чет өлкөлүктөргө берилишине каршы массалык нааразылык акциялар 2016-жылы да өтүп, жыйынтыгында «Жер кодексине» сунушталган өзгөртүүлөргө мораторий киргизилген.

Азыркы өзгөртүүлөрдө айыл-чарба жерлери чет өлкөлүктөргө берилбей турганы жазылган. Бирок акция катышуучулары бул баары бир жер тилкелеринин ири топтордун колуна тийишине жол ачат деп эсептешүүдө.

Эл аралык валюта кору айыл-чарбага жарактуу жерлери менен калктын жан башынын катышы боюнча Казакстан дүйнөдө экинчи орунда турарын кабарлаган.

«Forbes-Казакстан» басылмасынын маалыматына караганда, ошол эле маалда өлкө айыл-чарба азыктарынын көбүн чет өлкөлөрдөн импорттойт. Мындан тышкары инфраструктурасы артта калып, бул тармактагы эмгектин натыйжалуулугу өнүккөн өлкөлөрдөн 10 эсе төмөн.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG