Ссылки доступа

Тажикстанда $15 млн. жана 90 кг алтын аткезчилиги боюнча тогуз киши соттолду


Душанбе шаардык соту Ооганстандан Тажикстандын аймагына аткезчилик жол менен 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар алып өтүүгө байланышкан кылмыш иши боюнча тогуз кишини күнөөлүү деп тапты.

2 жылдан 5,5 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылган соттолуучулардын арасында бажы кызматкерлери менен ички иштер органдарынын өкүлдөрү да бар.

Маалыматка караганда, соттолгондор 2018-2020-жылдардын аралыгында ооган жарандары менен биргеликте алтынды жана чет өлкөлүк валюталарды Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүп, андан ары Бириккен Араб Эмираттарына жана Түркияга жөнөтүп турушкан.

Өкүмдө аталган топ былтыр 4-сентябрдан 14-ноябрга чейин ооган-тажик чек арасы аркылуу чет өлкөлөргө 100 миллион доллардан ашык каражатты жана 1 тонна 376 килограмм алтынды аткезчилик менен жөнөткөнү жазылган.

Ал ортодо «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, бул иштин экинчи бөлүгү боюнча тергөө иштери уланып жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, иштин алкагында марттын башында Хатлон облусуна караштуу Жайхун районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Неъматулло Солехзода кармалып, ага кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыбы тагылган.

Былтыр ноябрда Тажикстандын укук коргоо органдары Душанбе аэропортунда Тажикстан аркылуу Ооганстандан Дубайга 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар алып өтүүгө аракет кылган жети киши кармалганын кабарлаган. 18-февралда өлкөнүн Бажы кызматы бул иштин алкагында үч бажы кызматкери камакка алынганын билдирген. Аларга «шалаакылык» жана «документтерди тиешелүү деңгээлде текшерген эмес» деген айыптар тагылган.

Андан соң Ооганстандагы «1» телеканалы өз булактарына шилтеме кылып, тажик бийлиги колго түшүргөн алтын менен акчанын ооган парламентинин төрага орун басары Мирзо Катавозайга тиешеси бар экенин кабарлаган. Саясатчы айыптоолорду четке каккан. Кийинчерээк анын кызматтан алынганы белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG