Ссылки доступа

Казакстанда калкты жергиликтүү QazVac вакцинасы менен эмдөө башталды


26-апрелде Казакстанда калкты коронавируска каршы жергиликтүү QazVac вакцинасы менен эмдөө башталды. Дүйшөмбү күнү вакцинанын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттык сактоо министри Алексей Цой алды.

Бул арада вакцинанын өндүрүүчүлөрү анын үчүнчү этабын сыноо быйыл 9-июлда аягына чыгарын айтышууда. Маалыматтарга караганда, буга чейин сыноого үч миң ыктыярчы катышып, болжол менен жарымы плацебо алган.

Апрелдин башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге орус өндүрүшүнөн чыккан «Спутник V» вакцинасы сайылган. Өлкөдө бул препарат менен эмдөө 1-февралда башталган. Ага чейин Токаев казак өндүрүшүнөн чыккан вакцинаны ала турганын айткан.

«Биздин тапшырма — мүмкүнчүлүк берүү. Андан кийин жарандар өздөрү тандайт, өздөрү эмдөөдөн өтөт», — деди ден соолук министри. Министрдин айтымында, 26-апрелге карата Казакстанда коронавируска каршы 893 633 киши эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 165 997 адам эки дозасын тең алды.

Цой Жамбыл облусунда вакцина өндүрө турган заводдун курулушу уланып жатканын, азыр Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-иликтөө институту өз алдынча 50 миң доза өндүрүүгө кудуреттүү экенин кошумчалады. Жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина Казакстандын аймактарына жеткирилген.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда былтыр март айынан бери 361 миң киши COVID-19 вирусун жуктуруп алган. 4300дөн ашык адамдын өлүмүнө коронавирус себеп болгон. Талдоочулар коронавируска чалдыккандар жана андан көз жумгандар алда канча көп деп эсептешет.

Видео

Видео

Памирден келгендер жайыт жана үлүш жерге муктаж
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00
XS
SM
MD
LG