Ссылки доступа

«СК-Фармация» компаниясынын башчысы дарыгерлерге жапырт вирус жуктурууга айыпталууда


Нур-Султандын Есил райондук сотунда мамлекеттик ооруканаларга дары-дармек жеткизген «СК-Фармация» компаниясынын мурунку башчысы Берик Шариптин үстүнөн козголгон кылмыш иши карала баштады.

39 жаштагы Шарип компаниянын жетекчиси болуп турганда вирустан коргоочу кийимдерди башка компанияларга караганда кымбат баада сунуштап, бирок аны убагында жеткирбеген компанияга артыкчылык берүүгө айыпталууда.

Прокуратура өкүлдөрүнүн билдиришине, мунун айынан 2020-жылы апрель-май айларында коргонуу кийимдери жетишпей, дарыгерлер жапырт коронавируска чалдыккан. Сотто Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү ошол маалда өлкөдө эки миңге чукул медицина кызматкери вирус жуктуруп алганын айтты.

21-апрелде Шарип кылмыш ишин токтотууга негиз бар экенин билдирген. Ал тергөө мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айткан. Сот аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Шарип күнөөлүү деп табылса, жети жылга чейин соттолушу ыктымал.

Ал кызмат абалынан кыянат пайдалануудан тышкары травматикалык пистолетти мыйзамсыз сактоого да айыпталууда. Прокуратура аны былтыр август айындагы тинтүү учурунда тапкан.

Берик Шарип бул компаниянын башчылыгына дайындалгандан кийин үч ай өтпөй эле кызматтан алынган. Буга ооруканаларга дары-дармек жетирүү үзгүлтүккө учураганы, чет өлкөдөн келген гуманитардык жардамдар кампаларда айлап сакталганы жөнүндөгү сын-пикирлер себеп болгон.

«СК-Фармация» Казакстанга дары-дармек жана медициналык жабдууларды жеткирүүгө жооптуу. Былтыр 10-июлда казак президенти Касым-Жомарт Токаев «бул уюмдун айланасында кландык кызыкчылык бар экенин» билдирген.

XS
SM
MD
LG