Миллер эл аралык күчтөрдү чыгаруу жараяны аяктаганга чейин алар бардык коргонуучу каражаттар менен камсыз болуп, ооган коопсуздук кызматтарынын колдоосуна ээ болушарын белгиледи. Ооганстандагы күчтөрдү 2018-жылдан бери башкарып келаткан генерал мындан тышкары «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, аларга өлкөдөгү жаңжалды согуш аркылуу чечүү аракети таңууланбашы керектигин эскерткенин билдирди.
Бүгүнкү күндө талибдер негизинен эл аралык күчтөр менен макулдашылган тынчтык тууралуу келишимди сактап жатышат. Бирок ошол эле маалда Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө кол салуулары уланууда. Буга чейин алар тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү чет өлкөлүк күчтөр толук чыгып кеткенден кийин баштай тургандыктарын билдиришкен.
АКШ жана «Талибан» өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюлган макулдашууга ылайык, чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан быйыл 1-майга чейин чыгып кетиши керек болчу. Бирок президент Байден аскер күчтөрүн дароо чыгарып кетүү америкалык жана союздаштардын контингентине коркунуч жаратарын билдирип бул мөөнөттү 11-сентябрга жылдырган.
Жакынкы бир нече айдын ичинде НАТОго мүчө башка өлкөлөрдүн аскерлери да Ооганстандан чыгарылат.