Ссылки доступа

Кордой окуялары боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты


Тараз шаардык соту Кордой районунун төрт айылында болгон улуттар аралык кагылышууга байланышкан кылмыш иши боюнча 51 айыпталуучуга карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, 19 киши 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылды. «Күнөөлөрүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп берген» 31 киши түрдүү шарттуу мөөнөттөргө кесилип, бир айыпталуучу толугу менен акталды. Азырынча сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Буга чейин тараптардын жарыш сөзүндө прокурорлор айыпталуучулар үчүн эки жылдык шарттуу мөөнөттөн тартып 18-20 жылга эркинен ажыратуу жазасын сурашкан. Январдагы сот отурумунда айрым айыпталуучулар кыйноого кабылышканын билдиришкен.

Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр өткөн жылдын декабрь айында башталып, Тараз шаарындагы тергөө абагында өттү. Айыпталып жаткан 51 кишиге «Жапырт башаламандык», «Курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо», «Опузалоо», «Талап-тоноо» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча айыптар тагылган.

Былтыр февралдын башында Кордой районунун Масанчи, Аукатты, Сортөбө, Булан-Батыр айылдарында жергиликтүү казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжал чыгып, 11 адам каза болгон. Дагы жүздөн ашык киши, анын ичинде 19 полиция кызматкери жаракат алган. Бул окуядан кийин 23 миңден ашуун адам Кыргызстанга убактылуу качып келгенге аргасыз болгон. Кийинчерээк алардын көбү кайра кетишкен.

Бул окуядан кийин Жамбыл облусундагы бир катар аткаминерлер кызматтарынан кетишкен. Казак бийлиги 120 иш боюнча тергөө башталганын билдирген.

Май айында Орусиядагы «Мемориал» борбору бул окуялар боюнча тергөө иштери ачык эмес, «бир тараптуу» жүрүп жатканын кабарлаган. Уюм өз макаласында казак бийлигин ачык тергөөгө чакырган дунган коомчулук өкүлдөрүнүн кайрылуусун жарыялаган. Анда «кармалгандар кыйноого алынып жатканы» жөнүндө да айтылган.

XS
SM
MD
LG