Ссылки доступа

Миңдеген өзбекстандык мигрант Кыргызстанга иш издеп келүүдө


Ар күнү кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинен Өзбекстандын 300 чамалуу жараны Кыргызстандын аймагына өтүп, ар кандай жумушта иштеп жатат.

Ош шаарына жакын жайгашкан «Достук» өткөрмө бекетине кошуна мамлекеттин жарандары таңкы саат 6-7де өтүп келишет. Эрте келгендери кардар менен сүйлөшүп, ошол замат ишке киришет.

«Мисалы, 2-3 киши болуп шериктер менен чыгабыз. Анжиянда да жумуш бар. Бирок Анжиянга баргандан көрө бул жак бизге жакын. Кожобатка 5000ге баргандан көрө бул жакка ПЧР-тест менен эле кирип келебиз. Иш болбой калганда 1 сом да таппай калышыбыз мүмкүн. Негизи 1000-2000 сом табабыз. Эгер бир ишти баалап алсак жакшы табабыз», — деди Ойбек аттуу Анжияндын тургуну.

Күн сайын «Достук» өткөрмө бекетинин жанына 300 чамалуу адам топтолот. Алардын ичинде аялдар да бар. Жумушчу издеп келгендер көбүнесе курулушка жана талаа иштерине жалдап кетишет. Ал эми аялдар үй жумуштарына тартылат. Таңга жуук чыккан жумушчулар түшкө чейин жумушту макулдашып кетишет.

Бул жерге келген жумушчулардын баарын кыргызстандыктар жалдап алып кетишет. Жалданган адамдар курулушта, талаада иштейт, үй жумуштарын жасашат.

Кара-Суу районунун Маданият айылынан келген Султан Айбашев үйүнө тажрыйбалуу уста издеп келген.

«Биринчиден, өзбекстандыктар арзан иштешет. Мисалы, күнүнө 500-600 сомго иштешет. Таңкы сегизден кечки сегизге чейин, ал эми биздикилер 1000 сомдон аз иштешпейт. Экинчиден, булар ишти жакшы, көңүлгө жаккандай кылышат. Анан бул жерге усталар да келишет. Ал эми биздин усталар мындай мандикер базарга чыгышпайт», — деди ал.

Жыл башынан бери Ош шаары жана Ош облусу боюнча атайын жумушсуз катары катталгандардын саны 6 миңге жетти. Расмий катталбагандары мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн. 2019-жылы 4984 адам жумушсуз катары катталса, 2020-жылы бул көрсөткүч 6020га жетип, жумушсуздардын саны Ош облусунда 21 пайызга көбөйгөн.

Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Ороз Шерипбаева коңшу өлкөдөн келген жумушчу күчү Кыргызстандагы абалга да терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

«Туура, бул миграция боюнча да катуу чара көрүү керек. Себеби биз биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарды ишке орноштурушубуз керек. Бизге жумуш таппаган эң аялуу катмар келет. Ал эми Өзбекстандан көбүн эсе курулуш тармагына келишет».

Өзбекстандан миграциянын агымы эки өлкөнүн чек ара бекеттери ачылган 2016-жылдан тартып көбөйгөн. Коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстандагы курулуш жана тейлөө тармактарында эмгектенишет.

XS
SM
MD
LG