Маалыматка караганда, вакцинанын бир дозасы 31,1 долларга (жалпы баасы 31,1 миллион доллар) бааланды.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги вакцина «Самрук-Казына» фондунун буйрутмасы жана каржылык колдоосу менен сатып алынганын билдирди. Препараттар биринчи кезекте аталган фонддун кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сайылып, артканы башка жарандарга багытталат.
«Самрук-Казына» фондунун сайтындагы маалыматка ылайык, сатып алынган вакцина 500 миң кишини эмдөөгө жетет. Өлкөгө апрелдин аягына чейин 400 миң доза, май айында дагы 600 миң доза жеткирилет деп күтүлүүдө.
«Самрук-Казына» улуттук бакубаттуулук фонду 2006-жылы өлкөнүн квази-мамлекеттик тармагындагы ондогон ири компанияларды бириктирүү жолу менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын активдери 63 миллиард долларга жетет.