Ссылки доступа

Грузияда айрым оппозициячылар парламенттин ишине жарыяланган бойкотту токтотууда


Никанор Мелия
Никанор Мелия

Грузияда ар түрдүү партиялардын ондон ашык өкүлүнөн турган оппозициялык топ парламенттин ишине жарыялаган бойкотту токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» грузин кызматы кабарлады.

Бириккен оппозициянын бир бөлүгү менен бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын ортосундагы бул компромисске Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин демилгеси менен иштелип чыккан «Грузиянын келечекке карай жолу» аттуу макулдашуу негиз болду.

Документте былтыр ноябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин оппозициялык күчтөр жарыялаган бойкотту токтотуу жана оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймыл» партиясынын лидери Никанор Мелияны мунапыс менен эркиндикке чыгаруу каралган.

Мелия 2019-жылы «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча күрөө сумманы төлөгөн эмес деген айып менен камакка алынган. Анда оппозициянын миңдеген тарапташтары менен активисттер Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын катышуусу менен өтүп жаткан «Праволсавиянын парламенттер ассамблеясынын» жыйынын үзгүлтүккө учуратуу максатында парламент имаратына кирип барууга аракет кылышкан.

Мелия мунапыстын шарттарында парламентке чабуул жасаган оппозициячылардан тышкары полиция кызматкерлерин да жоопкерчиликтен бошотуу карала турган болсо, мунапыс боюнча эркиндикке чыгуудан баш тартууда. Мелиянын бул позициясына «Бирдиктүү улуттук кыймыл» партиясынын негиздөөчүсү Михаил Саакашвилинин кайрылуусу да таасир эткен жок. Ал Киевде тарапташтарын бойкотту токтотууга жана парламенттин ишин жандантууга чакырган.

Бирок башка оппозициялык лидерлердин билдирүүлөрүнө караганда, жакынкы күндөрү мунапыс тиги же бул формада акыры кабыл алынып, Мелия эркиндикке чыгат. «Бирдиктүү улуттук кыймылдын» депутаттары парламентке келип, өлкө октябрга белгиленген жергиликтүү шайлоолорго даярдыкты баштайт.

Шарль Мишелдин катышуусу менен иштелип чыккан документке ылайык, эгер жергиликтүү шайлоолордо миллиардер Бидзина Иванишвилинин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы 43% көп добуш албаса, өлкөдө кезексиз парламенттик шайлоо жарыяланат.

XS
SM
MD
LG