Ссылки доступа

Тажикстандын Аскердик прокуратурасы Мургабдагы жоокердин өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады


Тажикстандын Аскердик прокуратурасы Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы аскердик бөлүктө каза болгон жоокердин өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады.

Деваштич районунун 19 жаштагы тургуну Ражабали Назаровдун сөөгү туугандарына 21-апрелде берилген. Былтыр күзүндө өз каалоосу менен армияга кеткен жоокер апрелдин ортосунда Восей районундагы аскер бөлүгүнөн Мургаб районундагы аскер бөлүгүнө которулган.

Расмий түрдө Назаровдун өлүмүнө бөйрөк жетишсиздиги себеп болгону кабарланган. Бирок жакындары маркумдун денесиндеги көгөргөн тактарды байкап, Аскердик прокуратурага арыз менен кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG