Ссылки доступа

Өзбек бийлиги Ташкенттеги ковид-ооруканасында орундар жок калганы тууралуу маалыматты четке какты


Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Ташкенттин Зангиата районундагы ковид-ооруканасында бейтаптар үчүн орундар жетишсиз болуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

– Аталган медициналык жай эки миң бейтапка ылайыкташкан. Өлкө боюнча бардык ооруканаларда коронавирус менен ооруган үч миңге жакын бейтап жатат. Орундар жетишпей жатканы тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт, — деди министрликтин өкүлү.

Буга чейин «Азаттыктын» өзбек кызматы менен байланышкан Ташкенттин тургуну күйөөсү аталган медициналык жайда жатканын, анда коронавирус жуктургандар үчүн бош орундар жок калганын билдирген.

«Бейтаптар чынында эле көп. Төрт кишиге ылайыкташкан палаталарга жети-сегизден бейтап жаткырылууда. Шарттары өтө начар», — деген аты-жөнүн жарыялабай эле коюуну өтүнгөн шаар тургуну.

Андан мурда Зангиата районундагы ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан Өзбекстандын эл артисти Мирза Азизов да бейтаптардын көптүгүнө жана шарттардын начар экенине даттанып жатканы кабарланган. Ал апрелдин ортосунда 58 жаш курагында каза болду.

Зангиата районундагы ковид-ооруканасы жабык жай болгондуктан, журналситтерге тургундардын даттануулары боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 90 миңге жакындап, 600дөн ашык бейтап каза болду.

Өткөн жумада Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар кескин көбөйүп, алты ай мурда жабылган ковид-ооруканалары кайра ачыла баштаганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG