Ссылки доступа

Аскар Акаев бийликти мыйзамдуу өткөрүп бербегенине өкүнөт (видео)


Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Youtube порталындагы «Автор ТВ» аттуу каналга маек куруп, кызматта турган маалдагы ишмердиги, үй-бүлөөсүнүн бийликтеги орду, чек ара маселеси, Аксы окуялары жана Кумтөр кени тууралуу пикирин билдирди.

Акаев өз кезегинде, 2005-жылы бийликти конституциялык жол менен өткөрүп бербегенине өкүнөрүн айтты.

«Эгемендиктин алгачкы 15 жылындагы биринчи президент катары бир өкүнүчүм бар. 2005-жылы конституциялык жол менен кийинки президентти шайлатып, бийликти өз колум менен өткөрүп берсем анда менде өкүнүч болбойт эле. Катасыз чоң иш бүтпөйт, менде каталар да болду. Бирок, тең салмактап келгенде мен Кыргызстан үчүн көп эле пайдалуу иштерди жасадым. Саясий авантюристтер эркин шайлоодон президент шайлана албасына көздөрү жеткендиктен, 2005-жылдын март айында, мен кетерге жарым жыл калганда мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, күч менен бийликти алышты. Ошонун терс кесепети бүгүнкү күнгө чейин уланууда».

Кыргызстанда эгемендик жылдары беш президент алмашты. 1991-жылы мамлекет башына келген Аскар Акаев 2005-жылы март ыңкылабынан кийин өлкөдөн Орусияга качып кеткен. 2005-жылдан бери үй-бүлөсү менен Москвада жашап жатат.

XS
SM
MD
LG