Ссылки доступа

Өзбекстанда айрым бала бакчаларга азык-түлүк убагында жеткирилбей калды


Өзбекстанда UzASBO системасы техникалык үзгүлтүккө учурап, айрым бала бакчаларды тамак-аш менен камсыздоодо көйгөй жаралды.

Бала бакчалардын жетекчилеринин айтымында, UzASBO системасындагы маселеден улам ар айдын 25-күнүндө бериле турган субсидия келбей калган. Акчанын тартыштыгына байланыштуу бала бакчалар азык-түлүк жеткирген мекемелерге өз убагында акча которо алышкан эмес. Жыйынтыгында айрым бала бакчалар балдарды тамак-аш менен камсыздай албай калды.

Өзбекстандын Каржы министрлиги системадагы техникалык мүчүлүштүк 10-майга чейин чечилерин кабарлады.

UzASBO — автоматташтырылган татаал программалык комплекс. Бюджеттик мекемелердеги бардык бухгалтердик операциялар дал ушул программанын негизинде жүзөгө ашат.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG