Ссылки доступа

Казакстан ИИМи Шинжаңдан качып келген үч кишиге жарандык берүү маселесин карайт


Шинжаңдан качып келген казактардын бири, былтыр октябрдан бери Казакстанда убактылуу качкын макамын алган Кайша Акан 28-апрелде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрү менен видеобайланышка чыкты.

Өткөн аптада Кайша Акан жана Шинжаңдан келген дагы эки киши: Мурагер Алимулы менен Кастер Мусаханулы Казакстан бийлигинен жарандык же үчүнчү өлкөгө чыгууга жол ачкан документ берүүнү сураган.

Акандын айтымында, онлай-жолугушуу учурунда Казакстан ИИМинин өкүлдөрү ага жарандык берүү маселесин үч ай аралыгында кароого убада беришти. Муну менен бирге 20 күн сайын маселенин алдыга жылышы боюнча кабар берип турушат.

«Эгер Казакстан жарандыгын бере алышпаса, Качкындар тууралуу мыйзамдын негизинде үчүнчү өлкөгө кетүүгө уруксат берген документи 2022-жылдын январь айынан баштап карай баштай турганын айтышты. Бирок биздин күбөлүгүбүздүн мөөнөтү 2021-жылы октябрда аягына чыгат», - деди Кайша Акан.

Казак-кытай чек арасынан мыйзамсыз өтүп, бул үчүн Казакстанда соттолгон үч кишинин айтымында, качкын макамын алгандарына карабай, эч кандай жеңилдик жок. Министрликке жазган катында алар өздөрүн коопсуз сезбей жатышканын, социалдык абалдарды начарлаганын белгилешкен.

Кайша Акан менен Мурагер Алимулы быйыл январда бир күндө Казакстанда кол салууга учураган. Акан Алматыда жашаган үйүнүн алдында сабалса, Алимулыны Нур-Султанда эки белгисиз киши бычак менен сайып кеткен.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, чек арадан мыйзамсыз өткөндөргө жарандык берилбейт.

Шинжаңдан качып келген Сайрагуль Сауытбайга Казакстанда качкын макамы берилбегенден кийин, ал 2019-жылы июнда үй-бүлөсү менен Швецияга чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG