Ссылки доступа

Өзбекстанда акимдин маалымат катчысы тергөө учурунда кыйноого кабылганын билдирди


Кашкадарыя облусунун Мубарек районунун башчысынын мурдагы маалымат катчысы Зафар Жураев тергөө учурунда ага акарат келтирип, кыйноого алышканын билдирди. Бул тууралуу ал Кашкадарыя облустук сотундагы акыркы сөзүндө айтты.

Жураев былтыр карантин маалында үлпөт той өткөргөн дарыгерлер тууралуу айтып чыккандан кийин иштен алынганын, ички иштер бөлүмүндө ага басым көрсөтүлгөнүн билдирди. Анда Жураевге карата алдамчылык айыбы менен кылмыш иши козголгон.

Жер тилкелерин сатууда ири суммада акча алган деп айыпталган мурдагы катчыны райондук сот 2021-жылы 11-мартта эки пункт боюнча актаган. Бирок ал белгилүү бир акыга жер тилкесин бөлүп берүүгө убада бергени үчүн 2 жыл 6 айга түзөтүү жумушуна кесилген.

«Мага үч эпизод боюнча айып тагылган. Тергөө учурунда ички иштер бөлүмүндөгү Бекзод деген тергөөчү мени кордоду. Мени кыйнашты. Тергөөчү карантин учурундагы үйлөнүү-үлпөт жөнүндө айтканымды эскертип, бул алар үчүн кымбатка турганын билдиришти», - деди ал.

Мурдагы катчы ага тагылган айыптар боюнча эч кандай далил жоктугун айтып, облустук соттон өзүн толугу менен актоону жана акыйкаттуулукту калыбына келтирүүнү сурады.

Кашкадарыя облустук соту райондук соттун өкүмүн жарым-жартылай өзгөрттү. Ага ылайык, Зафар Жураев 2 жыл 6 айга кесилди, 6 айын ал алдын ала камакта өткөргөнү үчүн жаза мөөнөттү аягына чыгарып бүттү деп эсептеди.

Зафар Жураев баары бир анын соттуулугу калганын, Жогорку сотко доо арыз менен кайрыларын билдирди.

XS
SM
MD
LG