Ссылки доступа

Назарбаев Казакстан элдеринин ассамблеясынын төрагалыгын Токаевге тапшырды


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 28-апрелде Казакстан элдеринин ассамблеясынын төрагалыгын өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевге тапшырды. Бул тууралуу ал Нур-Султанда өткөн ассамблеянын сессиясында маалымдады.

"Бардык маселелер бир колдо болушу керек. Мен Казакстан элдеринин ассамблеясынын төрагалыгын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге тапшырууну чечтим. Казакстан элдеринин ассамблеясын өмүр бою башкарууга укугум бар. Ошондуктан сиздер менен бирге боломун, баш тартпаймын. Анткен менен айрым ыйгарым укуктар өлкө президентине тиешелүү”,– деди Назарбаев.

Назарбаев Токаевди “ишти жакшы билген” жана “өзү менен кош көп жыл эмгектегенген адам” катары сыпаттады.

Жыйында Назарбаев: “Кээ бир оппозиционер жолдоштор “бардык убакта туруктуулук, туруктуулук!” деп жүрүшкөнүн эстедим. Туруксуздук жакшыбы? Туруксуздук эмне экенин көрдүк. Революциядан революция, согуштан согуш, мындай учурда өлкө өнүкпөйт, баарынан артта калат. Ошондуктан туруктуулук менен жарандардын тынчтыгы – баарыбыздан көз каранды. Мен өлкөбүз тынчтыктын эпицентри болушун каалайм. Биздин жарандардын өмүрүн согуш, диний же улут аралык кагылыш бузбаса деймин. Биздин балдарыбыз жана жарандарыбыз азыр бүтүндөй дүйнөдө болуп жаткан кагылышууларды көрбөсө деймин. Бүгүн менин кыялым оорундалды деп айтсам болот”, - деди Назарбаев.

Ассамблеянын сессиясы Тараз шаарында Кордайдагы казактар менен дунгандар арасындагы улут аралык жаңжалга байланыштуу сот өкүмү чыккан күндүн эртеси өттү.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда былтыр 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жайлар жана машинелер өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар чектеш Кыргызстанга кире качышкан.

27-апрелдеги өкүмгө ылайык, айыпталган 51 адамдын 19у беш жылдан 20 жылга чейин абакка кесилди. 31 адам «күнөөнү моюнуна алганы жана зыянды төлөп бергени үчүн» бир нече жылга шарттуу жазага тартылды. Аларга «Массалык башамаландык», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча айып тагылган. Бир адам толук акталды.

XS
SM
MD
LG