Ссылки доступа

Өзбекстанда үч жаштагы кызын сатууга аракет кылган аял кармалды


Үч жаштагы кызын сатууга аракет жасаган Навои облусунун Үчкудук районунун тургуну кармалды.

Бул тууралуу Өзбекстан Башкы прокуратурасынын Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү департаменти кабарлады.

Шектүү кызын 60 миллион сумга (5700 доллар) сатууга ниеттенген жана белгиленген сумманы алып жаткан маалда кармалган.

Ага карата Кылмыш кодексинин “Адам соодалоо” беренеси боюнча иш козголду.

XS
SM
MD
LG