Ссылки доступа

Судан орусиялык аскердик базанын курулушун токтотту


Судан өз аймагында салынып аткан орусиялык аскердик-деңиз базасынын курулушун токтотту. Бул тууралуу араб басылмалары жазды. Маалыматка караганда, Хартум орусиялык аскердик кемелердин жайгашуусуна жол бербейт.

Al Arabia телеканалынын кабарлашынча, эки өлкө ортосундагы келишимди Судан мыйзам чыгаруу органы али беките элек болчу. Хартум бул жөнүндө Москвага эскерткен.

Былтыр ноябрь айында Орусия Судан аймагында, Кызыл деңиздин жээгинде аскердик-деңиз флотун материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздоо бекетин ачууну пландап жатканы айтылган. Бул долбоорду 2019-жылы аскердик төңкөрүштөн кийин кызматтан кеткен Судандын мурдагы президенти Омар аль-Башир колдогон. Ал орусиялык база АКШнын агрессиясынан коргоо үчүн керек экенин айткан.

2020-жылы Михаил Ходорковскийдин "Досье" иликтөө борбору менен The Guardian британ басылмасы орусиялык бизнесмен Евгений Пригожинге тиешеси бар саясий технологдор аль-Баширдин кеңешчилери болуп иштешкенин кабарлашкан.

АКШнын Каржы министрлигинин “кара тизмесинде” Евгений Пригожин да бар. Пригожин Орусиядагы "Вагнера" жеке менчик аскердик компаниясын каржылай турганы айтылып келет.

Видео

Видео

Төрт түлүккө бай, ар улуттуу айыл
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:27:41 0:00
XS
SM
MD
LG